[:kg]Абдил сага айтам, Атамбаев сен ук![:]
“Соңку аптада көп кызыктарды көрдүм… Коомдук делинген каналдын эфиринен Президент А.Атамбаев өлкөнүн башкы чекисти А. Сегизбаевди кабылдап, экөө бир үстөлдө олтуруп алып англисче “Теkebaev, Salyanova, Shykmamatov” деген жазуусу бар кагаздарга алмак-салмак үңүлүшүп, олтурушканын көрдүм. Үч “ата мекенчи” депутат Максим Бакиевден, Елисеевден “Мегакомго” байланыштуу акча өөнөшүптүр, ага тиешелүү далилдерди УКМК башчысы таап чыгыптыр деген өңүттөгү маалымат мамлекеттик гезит, теле, радио, сайттарда катуу дүңкүлдөгөнүн көрдүм. Парламентте ата мекенчи депутаттардын Сегизбаевди жарга такашканын, бийликчил депутаттар Сегизбаевге лоялдуу экендигин көрсөм, а Сегизбаевден башкы чекисттин образына өтө эле аша чаап кирип алган ары атамбаевчил ары эмоционалдуу эйфорияны көрдүм. Мен азыркы учурда Атамбаевге кыйыр баш ийген КТРКда да, Текебаевге караштуу “Сентябрь” телеканалында да, Батышка кыйыр жан тартат делген “Азаттык” радиосунда да, Сегизбаев башкарган УКМКда да, кандайдыр бир мамлекеттик жумушта же кайсы бир оппозициялык лидерге, олигархка караштуу ишканада, мекемеде иштебейм. Төмөндө Текебаев, Салянова, Шыкмататовго карата “Мегакомдун акчасын ушулар кымтып алайын дешиптир..” деген мамлекеттик үгүт-пропко карата жогорудагылардын эч кимисине, эч бир тарабына байланбаган субьективдүү, жеке оюмду тек бир жаран катары билдирип коюуну туура көрдүм. Менин президентке карата жеке көз карашымды, ачык сынымды “ажону жаман көрүп атат, жамандап жатат..” деп ойлогондор терең жаңылышат. Илгери Алмаз Шаршеновчи өкмөт башчысы кезинде мени өкмөттүк жыйынга чакырып өзү айткан “сындап тур” деп, атурсун “камчылап тур!” деп камчы да берген. Мен ошол суранычын жерге таштабай колдон келишинче камчылап келе жатам. Ал менин жазгандарымды окуйбу-окубайбы бул мен үчүн онунчу маселе. Анан калса, сонку учурда маалымат айдыңында калп-чынды койгулаштырып урду –сокту жазылган жалган маалыматтар үч ата мекенчи депутаттын башында кара туман болуп үйүлүп жатканы байкалат. Ак үйдөгү куурчак жип ойноткон авторлор элди макоо ойлошобу, айтор, КТРКдагы, өкмөттүк гезиттердеги, сайттардагы жазылган маалыматтар лапша-кесме болуп калктын кулагына илинип эле келе жатат. Эми ошол элдин арасында мен да бар эмесминби? Мен кулагымда илинген кесмелерди алып ыргытып, өз ойлорумду айтууну, жазууну туура көрүп турам. Өлгөн өрдөк учаарына ишенгендер жана ишенбегендер тууралуу….
Текебаев, Салянова, Шыкмататов Мегакомдон миллиондорду өөнөп алайын деген ниеттери чындыкпы же жалганбы , аны ким, качан, кантип иликтеп бүтөт – бул башка маселе, башкысы “ыя кокуй, чын эле ошентишиптирби?” деген таң калууну пайда кылган “Белиз гейт” деген аталыштагы имиш-имиш операциясы элдин кулагына ийгиликтүү куюлду. Билимдүүлөр, эл аралык укук талаасындагы жагдайларды жакшы билген адистер, чет өлкөдө ар кайсы тармакта сапаттуу билим алып жүргөн жаштар, апостил, офшор , панама каржы операцияларынын дүйно жузүндөгү ал-ахвалынан кабары бар сабаттуулар УКМКнын “тапкычтык” менен таап чыккан “сенсациясы” өлкөнүн башкы телеканалы аркылуу канча кайталап көргөзүлбөсүн – анын баары КАЛП экенин түшүнүп ишенбей турушат. Саясаттагы өйдө-ылдыйлар менен иши жок, эл аралык каржы операциялары кандай болоорунан түшүнүгү аз, “апостил..мапостил, офшор-мофшор” сыяктууларду чайга же майга туурап жээр-коерду билбеген, андай бейтааныш терминдерди эзели мурун укпаган карапайым калк “.кокуу-й, КТРде көрсөтпөдүбү! Атамбаев өзү кабыл албадыбы! Сегизбаев өзү сайрабадыбы!” дешип, КТРКнын эфиринде учуп бараткан өрдөк өлүк болсо да, “ой учуп баратпайбы!” деп баео мүнөз эл өлгөн өрдөктүн учаарына деле ишенип жаткан кези.
Текебаев сыйкырчыбы же Сегизбаев харакириби?
Мейли эми, макул, үч депутаттын фамилиясы жазылган баракты ажого балчайта көрсөтүп, ченде жок кылмышты чукуп таап чыккан УКМКны туура дейли, ишенели, а түгүл эринбей алардын логикасы менен окуяларды карап да көрөлү. Мегаком мамлекетке өтөт-өтпөйт болуп ызы-чуу болуп жаткан ошол жылдары Текебаевдин ичинде “эптеп миллиондорду жеп, кымырып калсам экен..” деген секретный ниети бар экен деп коелу. Анан ошонусун ишке ашыруу үчүн Атамбаевди да ийге келтирип, чуру-чуулуу парламентти да көндүрүп, Текебаев деген сөздү укканда замбирек менен атып ийүүгө даяр Жылдыз Жолдошева сыяктуу катаал оппоненттерди да макул кылдырып, ар кимиси өз өзүнчө моюн толгогон сотторду да кепке-сөзгө келтирип, Мегакомдун 51 процентин Елисеевге белек кылып берип, анан ал белеги үчүн кайран Чиркешич 8 процент акцияга ээ болуп калган болобу. Анда УКМК башчысы А. Сегизбаев “Өмүкенин сыйкырчылык да касиети бар экен” деп мөөр басылган ыспырапкени Атамбаевге көрсөтүп койсо ашыкча болмок эмес. Мени таң калтырган бир нерсе, мына Текебаев 25 жылдан бери саясатта жүрөт, далай ысык-суук, далай өйдө-төмөндү башынан өткөрдү. Ар бир баскан кадамын таштаарда адегенде эсептеп, өлчөп, а түгүл дүкөндөн мык сатып алса да квитанциясын сурап,аны катып коюп жүргөн адаты бар өтө сак, өтө аяр бөрү неме кантип эле миллиондор үчүн жардан боюн таштап, Максим Бакиевге, Елисеевге өмүр бою көз каранды болуууну кааламак эле дейм да. Макул, Текебаев пендечиликке алдырып напсисине жеңдирип ийди деп коелу, миллиондор көзүнөн учуп алчу акцияны алып, “эч кимге айтмай жок” деп эркекче убадалашканда деле, Максим менен Елисеев ал “эркекче” документти катып койгон чакта да маалы келгенде “..эй Чиркештин баласы, сен бизден момунча үлүш албадың беле!” деп баягы каткан дакүмүнтүн алып чыгып шанаңдап шантаж кылышмак да? Мындай баланын оюнуна карт бөрү Текебаев акча дегенде эт-бетинен кетип өзүнөн жоготуп, документтерге памыйласын бакыйта жазып, баарына көнүп, баарына кайыл болуп жатканын мен такыр эле элестете албай койдум. Торго түшүп берүүнүн мындай оңой, примитивдүү жолун ал алыстан туруп эле байкамак, байкап ага жоломок да эмес. Логиканы андан ары карай алкынтып, миллиондорду, миллиарддарды билинтбей, байкатпай акырын аш кылып ашказанына сиңирип алуунун оной жолдорун билген аферисттердин, шүмшүктөрдүн логикасы менен карап көрөлүчү: эми кайсы келесоо шектүү миллиондорду өзүнүн аты-жөнүнө каттатат, кайсы аңкоо шектүү суммалар аралашкан документтерге өзүнүн ысмын, фамилиясын жазып иш кылат? Башкалар келесоо болушу мүмкүн, бирок атамекендин бакандай үч юристи (!) Текебаев, Салянова, Шыкмаматов тигиндей арзан келесоолукка кокустан, адашып да бармак эмес. Менимче юридиканын кадемин катырган үчөө миллиондорду кымыргысы келсе эч ким жаман ойлобогудай, эч ким байкабагыдай, күмөн санабагыдай юристтик чеберчилик менен ишти тыпыйтып жайлашмак. Мыйзамдык биттин ичегисине кан куйган үч эрен “..эми качан Максим менен Елисеев былыгыбызды элге жайып ийишет экен…” деп калтырап коркуп жүргөн вариантты тандабай , очойгон мүлктөрүн алыскы тууган-туушкандарына, таяке-жээнине, классташтарына, эң кур дегенде кароолуна же айдоочсуна калп эле каттатып койгон кыргыздын көрүнбөс олигархтарына окшоп, Елисеев менен Максимден үлүш алышканы ырас болсо кайдагы бир эл билбеген Эшматов, Ташматовдорго каттатып, непадам кийин чуу чыкса “..ага менин тиешем жок” деп өлүмүш болуп жүрө беришсе деле өлө жарашмак? Бул бир. Экинчи жагы. тигиндей “Авалон. мавалон” деген сыяктуу шүмшүктөр аралашкан шектүү акцияларды алып отурбай эле кызылын кызылдай, жашылын жашылдай кылып евро, доллар түрүндө накталай пулун санап алып мүшөктөргө толтуруп бекем катып коюшса ким алардын пул алганына, пул катканына кызыгып сарайында бекиткен мүшөктөрүн издеп, чукулап олтурмак эле. дейм да? Божомолдоодо, чамалап баа берүүдө эмоциялык сезимдер роль ойноп кетиши ыктымал, а факты, далил деген өжөр нерсе бар да. Интернеттеги Google издөө кызматынан маалыматтарды издеп көрсөм, Салянова баш прокурор болуп турганда Мегаком боюнча кылмыш иши козголуп, соттун өкүмү менен анын 51 проценттик үлүшү мамлекетке өтүптүр. А Текебаев 2012-13 жылдары Мегаком ызы-чуусу башталганда “Мегакомду мамлекетке алыш керек! “ деп эле кыйкырып жүргөн экен, логика боюнча Елисеевден үлүш акча жегиси келсе Текебаев “Мегаком мамлекетке өтүшү керек!” деп кыйкырбай, “Мегакомду ээсине кайтаралы, мыйзамдуу кожоюнуна берели!” деп какылдап Елисеев тарапка тымызын симпатия артып коргошу керек болчу да? Текебаев башында турган “ата мекенчилерди” жыга чабууну көздөгөн арзан, ыплас сценарийди үч атамекенчиге чаптай салуунун түпкү автору, аткаруучусу ким болгон чакта да ал азамат жалган-жулгандар менен куралданып болсо да өзүн өзүн жардыргандан же өз ичине кылыч матырып харакири кылгандан кайра тартпаган көкбет неме экен деп калдым…
Шитирлистин “шипитилний” жоруктары…
Бири президент, бири УКМКнын башчысы. экөө бирдей чоң сенсация таап алгандан бетер кандайдыр кагаз-кугаздарды үңүлүп карап аткан документтерди жакшылап карай турган болсок, Шыкмаматов менен Салянованын чет өлкөгө чыкчу паспортторунун копиясы жүрөт, Текебаевдин болсо Кыргызстандын ичинде гана жүрө турган ички ID карта түрүндөгү паспорттун копиясы бадырайып турат. Түз эле айтып коеюн, ушул жерде “шитирлистер” иштеген мекеменин башкы чоңу, башкы шитирилиси Абдил Кенешовичтин өрдөгү катуу чычкактап атат, анткени Кыргызстандын ички паспорту тээтиги Белиз деген аймакты мындай кой, мобуреки эле Казакстанга барып кандайдыр эл аралык иш кылууга жарабайт да. Бу деген “..Сегизбаевден жакшы шитирлис чыкпайт экее-ен атаңгөрү…” деген кеп; бул деген Бакиевдин убагында кээ бир шалпаң кулак чекисттер Текебаевди “матрешка-гейт” менен чабайын деп бирок чаба албай абийири кандай төгүлүп шалпайышкан болсо, чекисттик креслого Атамбаевдин кайниси болгон үчүн эле адашып келип алган Сегизбаев мобуреки “Белиз-гейт” ишинде да шымын суюк булгабаса да, саңырсытып сасык эле осуруп салды деген кеп. Эң өкүнүчтүүсү, мамлекеттин, улуттун коопсуздугун коргой турган атайын кызматтар саясий интригаларга кадимкидей катышып, бийлик оппоненттерин куугунтуктоо, жаманатты кылуу, саясаттан четтетүү алардын кадыресе эле жумушуна айланып, УКМК саясатта курал катары колдонулган жасоолдордун элесин берип калды. Матрешка-гейт, Садыркулов сериалы сыяктуу жоруктар бийликтин ыпылас ыкмаларынын эң акыркы жаман үлгүсү катары тарыхый сабак болушу керек эле. мынабы азыркы чуу болуп жаткан Белиз-гейтте да атайын кызматтардын кулагынын сороюп жатышы – өткөндөн сабак албоонун айкын мисалы. Эми. чекисттерибиздин баары эле самопал эмес, атайын кызматтарда иштегендердин 80 пайызы таза кандуу офицерлер болсо, 20 пайызын кайдан-жайдан пайда боло калган, үстү жактан “сүф-ф” этип дайындалган кайнилер, жээндер, классташтар, достор түзөт. Аларың “улуттук коопсуздуктун” У-сун да тушүнбөйт, билбейт, аларың ”мени бул жакка дайындаган киши мен учун кудай” деген принцип менен иш алып барып, улуттун коопсуздугу четте калып эле, “..тигини талкалап кел, аркыны байлап кел, тээ тигини жок кыл, момуну пок кыл…” деген чолок ыкма менен бакандай бир органга көө жаап, ал абройлуу жерди интриганын очогуна айлантып жатышы өтө өкүнүчтүү…
Кара тизмедеги “Аволон” жана “кара жащиктин” калпы тууралуу..
Текебаев, Салянова , Шыкмаматов деген жамандардын былыктарын биз бул үч инсандын аты-жөнү кашкайта жазылган трасттык документтен таап чыктык, ал документти “Авалон Лимитед” деген компания түзүптүр, мынакей ошол далилдер,- деген башаты ак үйдүн жетинчи кабатынан башталган агониялык агит-бригада “Авалон Лимитедди” бетке тутуп, аны көзүрдүк далил катары канчалык ала чуркап, арсылдап үрбөсүн, Финансы кызматын көрсөтүү боюнча Эл аралык комиссиясы “Авалонду” иликтеп чыгып “..булар көз боемочулар, ар кандай аты-жыты жок акцияларды ар кимге сатып афереларды жасап оокат кылган шылуундар экен” деген мазмунда тыянак кылган сон, компаниянын лицензиясын токтотуп, кара тизмеге киргизгенин Абдил менен Атамбаевге да көз каранды эмес, “Атамекендин” мен кыйынмын деген Алмамбетине да Өмүрбегине да, Аидасына да көз каранды болбогон “Азаттык” деген радио “..дейт экен, деп уктук…дейт имиш” деген жөө жомоктордун негизинде эмес, кашкайган факты (!) катары казып чыгып, аны ачык мисал кылып өз сайтына жарыялап атпайбы?! “Азаттыктын” жөнү го башка, буга чейин КТРКга канча жетекчи келбесин, “баарына жагууга” аракет кылганы жагынан эч бир жетекчини астына чыгарбаган ары менеджер, ары юрист досум Илим төмөнкүдөй маанилүү бир жагдайга маани берип, жакшылап карап койсо болмок экен. Маселен, Өмүрбек, Аида, Алмамбет деген “жаман кишилердин” миллиондорду “ап” деп салганы тууралуу маалыматтар КТРКнын эфиринен башында башкача мааниде , кийинчерээк таптакыр башкача мазмунда сайралганы кызык болду. Байкасаңар, бул жасалма үгүтация башталганда коомдук каналдан “ ата мекендин үч тентеги 23-25 млн долларды алчулардан алып , чөнтөккө салып, сугунуп коюшуптур…” маанисинде маалыматтарды күнү-түнү дүңкүлдөп ырдап атышты эле, анан эле соңку кезде ал ырынын обону мурункудан башкачараак чыгып.. “көрсө алар жегенге үлгүрбөй калышыптыр, жанагы миллиондорду жеп, сугунуп салсак деген ниети бар экен, ошо жеп-сугунууга үлгүртпөй Сегизбаев деген эрен кыраакылык кылып байкап калып, Атамбаев деген оендун эрдиги менен бул ишти иликтөө катуу башталыптыр” деген мазмунда президент менен УКМК башчысы өлкөнү кандайча баатырларча сактап калышканын камтыган күжүрмөн духтагы маалыматтарды маарап КТРК жаагы талыгыча оозу менен орок орууда.
Ажыдаар келатат, жолдон качкыла.
Эми темабыз узаргандан узарып. “авалон…савалон, апостил..сапостил…” деп темтеңдеген терминдердин тебелендисине калып кете элегибизде Мегакомдун пулун “ата мекенчи” үч тентекке сыртынан тон бычып жебесе да жедирип салган сценарийдеги “Белиз-гейт идеясынын” тамырын тапканга аракет кылып көрөлү. Ошондо кандай болууда? Текебаев конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан маалда, Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы конфликт курчугундан курчуп турган оргу-баргы учурда ата мекенчи үч депутатты Мегакомдун акчасын жеген деген соуска ороп сокмой идея Сегизбаевдин мээсинде кайдан-жайдан пайда боло калып, мындай баалуу табылганы тапканына өзү эле кубанып олтура бербей, дароо президентке аткактап жетип барып сүйүнүчүн ажо менен да бөлүшүп, ал жолугушууда бадырая жазылган памыйлалардан өйдө камерага тартылып, аз өтпөй видеону президенттик аппараттын куржунунан КТРКнын журналисттери катардагы жанылык (. ) катары эле алып кабарчылар токтоно албай эргип кетип 6- 7 (!) мүнөттүк узун сюжет кылып Ала Тоо программасы аркылуу элге удаама-удаа көрсөтүүгө үлгүрдү. Бийлик агониясынын логикалык чынжырын бириндетип карап “..бу өзү эмине болуп атат ыя?” деген суроого алып барып такай турган болсок, анын жообу бул: алыстан мунарыктап президенттик шайлоо келе жатат, аңгыча сахна артында Атамбаев режиссерлук кылган аля-команда “конституцияны өзгөртпөсөк болбойт” деген хорду аткара баштады. Ал хорду уккусу келбегендерди, ага каршы чыккандарды Дастан Сарыгуловун баш кылып, Ахмат, Нариман, Камчыбек деген кыйындарды төш кылып камады. “Дегеним деген, айтканым айткан!” деген тариздеги Атамбаевдин каарынан кийин чынында парламенттин ичиндеги оппозиция да, көчөдөгү оппозиция да бир жерин бекем кысып , куйругун чаттарына бекитип туруп беришти. Оппозициямын деген кишинин баарын жалпайта тебелеп бараткан Атамбаевдин астынан Текебаев деген неме “мен конституцянын өзгөрүшүнө каршымын!” деп чыга калды эле, “мен эле кыйын, менден башка кыйын жок!” деген иннерция менен күүлөнүп бараткан Атамбаев бир кездеги досунун “дос күйдүрүп айтат” деген досчулук ишарасын уруп ойнобой, “Текени ээрчигидей эл кой эмес!” деп экс-досун кекээрлеп “теке” деп тергеп, бу күндө өкүмөттөгү, мамлекеттик кызматтардагы “ата мекенчилердин” баарын иштеринен шыпырып түшүү тапшырмасы толугу менен аткарылып бүтүп калды. “Мага сын айткандарды талкалайм! Жашасын мен жана мен!” деген хан-жүрүштүн музыкасы жаңырып, административдик ресурс, мамлекеттик аппарат толугу менен ошол музыкага бийлөөгө аргасыз болуп жаткан чак. Мунун баарын көрүп турган чортаман эл унчукпагандай, кайдыгердей, “бириң өлүп, бириң кал..” дегендей абалда тургансыганы менен, баарын эн жакшы туюп, сезип , билип турат. Өткөн-кеткен жылдарды , ошол жылдардагы хан болгусу келген эки президенттин жолу кантип башталып, кантип бүткөнүн, эми азыркы президент тээ башында кандайча такка отурганын, а азыр кантип өзгөрө түшкөнүн. айтор баарын-баарын эсептеп, ченеп,өлчөп сыртынан сыр билгизбей дымып жашап келе жатат. Дымый түшүү – бул коркуу эмес, тайсалдоо да эмес. Тек , көкүрөгүндө Манастын руху, духу жашаган эл ишенип шайлаган падышасынан Манас чыкпай калганына толук ынанып бүтө электей, эл бир силкинсе “мен кыйынмын!” деп бакырган ажыдаар болмоктон балакет болсун, таятасын таанытып коерун эки ынкылап ачык далил болду.