Дуба кылууда ыкыластын зарылдыгы
Алла Таала пайгамбарлардын кылган дубаларын кандайча кабыл кылгандыгынын сырын Ыйык Курандан изилдегенимде ар түрдүү суроолор жаралып, аларга жооп издөөгө кириштим. Эмне үчүн кээде Аллага дуба кылсак да дубаларыбыз кабыл болбойт? Эмнеге Алланын бизге жакын экендигин сезбейбиз? Эмне үчүн айланабыздагы адамдарга ишеним артып, адамзаттын Жаратуучусун унутуп койгонбуз?
Курандан ыкыластуулук тууралуу окуп издей баштаганымда “ыкылас” сөзү бир жеринде “ибадат кылуу, сыйынуу” менен бирге келсе, башка жеринде “дуба” менен бирге келгендигин байкадым. Бирок бул эки абалда тең “ыкылас” сөзү Алла Таала менен байланышып келиптир. Алла Таала Ыйык Куранда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайрылып мындай деп айтты:
«Айткын: «Чындыгында, мен Алла үчүн динди чын ыкыластан тутунуп Ага гана сыйынууга буйрулдум». Зумар сүрөөсү (39:11)
Бул аяттагы «Алла үчүн динди чын ыкыластан тутунуу» дегендин мааниси «Ага гана ибадат кылуу» дегенди билдирет. Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир саждасын жана ар бир рүкүсүн Алла үчүн гана кылган. Ошондой эле ар бир айткан сөзү да Анын ыраазычылыгы үчүн гана болгон. Мына ушул Пайгамбарыбызга буйрулган ыкыластуулук. А бирок биздин ыкыластуулугубуз канчалык денгээлде?! Ар бир кылган ибадатыбызды Алла үчүн гана кылып жатабызбы?!
ЫКЫЛАСТУУЛУК – ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУУСУНУН АЧКЫЧЫ
Чындыгында, ыкыластуулук менен ибадат кылуу адамды сөзсүз түрдө чын ыкыластан дуба кылууга түртөт. Алла Таала бизге мындай деп буйруду:
«Каапырлар жаман көрүшсө да Алла үчүн динди чын ыкыластан тутунуп Ага дуба кылгыла». Гафир сүрөөсү (40:14)
Демек, биз Аллага гана сыйынып, Андан гана жардам сурап дуба кылуубуз керек. Ошондой эле адамдарды Исламга чакырган кезде да көздөгөнүбүз жалгыз гана Алланын ыраазычылыгы болуусу керек.
Мусулман бир тууганым! Сизге учурдан пайдаланып дубанын кабыл болуусуна кепил болгон бир мисалды келтирейин. Качан Юнус пайгамбарды кит жутуп, аны менен деңиздин тереңдиктерине түшкөндө ал эмне кылды эле? Алла Таала бул туурасында мындай деп айткан:
«Зуннунду (эстегин, ал коомуна) ачууланып кетип калган эле. Ал Бизди аны (сыноого) алыбыз жетпейт деп ойлогон. Ал (катма-кат) караңгылыктардан Бизге дуба кылды: «Сенден башка илах жок! Сени аруулаймын! Чындыгында, мен залимдерден болдум». Анбия сүрөөсү (21:87)
Алла Таала анын дубасына жооп бердиби же аны ушундай кыйын абалда таштап койдубу?! Аяттын уландысында Алла Таала анын дубасына дароо жооп бергендигин баяндап мындай деп айтты:
«Биз анын (дубасына) жооп бердик жана кайгыдан куткардык. Биз муъминдерди да ушундайча куткарабыз». Анбия сүрөөсү (21:87)
Алла Таала анын дубасына ошол замат жооп берген. Анткени бул аяттагы “дубасына жооп бердик” деген сөздүн алдында “бир кыймыл-аракеттин башка бир кыймыл-аракеттен кийин шыр болгондугун” туюнткан арап тилиндеги “фа” байламтасы келген.
ПАЙГАМБАРЛАРДЫН ДУБАСЫНЫН КАБЫЛ БОЛУУСУНУН СЫРЫ
Юнус алейхиссаламдын дубасынын дароо кабыл кылынгандыгынын дагы өзгөчө сыры бар. Качан мунун сырын издегинимде аны ушул аяттан кийин келген Алла Таала Өзүнүн пайгамбарлары жана алардын дубаларын кабыл кылгандыгы туурасындагы аяттан таптым. Алла Таала аларды жашоолорунун эң кыйын учурунда да кыйынчылыктардан куткара тургандай эмне иштерди кылышкан? Буга жооп кылып Алла Таала мындай деп айтты:
«Чындыгында, алар жакшылыктарга шашылышкан, Бизге үмүттөнүү жана коркуу менен дуба кылышкан жана Бизге моюн сунуучулардан болушкан». Анбия сүрөөсү (21:87)
Демек, мунун сыры жогорудагы аятта айтылгандай жакшылыктарды кылууга шашылууда, Алланын алдындагы неъматтарга жетип, Бейишке кирүүнү үмүт кылууда жана Анын жазасынан, азабынан коркууда жана ошондой эле жалгыз Ага гана моюн сунууда катылган.
АДАМДЫН АЛСЫЗДЫГЫ
Ыкыластуулук тууралуу окуп жатканда дагы бир аят көңүлүмдү бурду. Бул аятта адамдардын жашоосундагы эң кыйын учурду, тактап айтканда толкуган деңиздин ортосунда калган учурдагы алардын чын ыкыластан Аллага гана дуба кылышкандыгы сүрөттөлгөн. Алла Таала бул туурасында мындай деп айтты:
«Качан алардын (кемесин) тоодой толкундар каптаганда алар чын ыкыластан Аллага гана сыйынып дуба кылышат. А качан (Алла) аларды куткарып кургактыкка чыгарса, алардын кээ бирлери (жакшылыкка) кайдыгерлик кылышат. А биздин аят-белгилерибизди жакшылыкты билбеген кыянатчылдар гана танышат». Лукман сүрөөсү (31:32)
Мына ушундай кеме чөгөйүн деп жаткан учурда адам баласы Алла Таалага гана чын ыкыластан жалбарып дуа кыла баштайт. Бул аяттагы гана келтирилген мисалдардын бири. Ал эми бул туурасында илимпоздор эмне дешкен?
Кылымдар бою канчалаган кемелер деңиздерге чөккөн. Балким алардын акыркыларынан бири Кызыл Деңизге чөгүп, миңдеген жүргүнчүлөр өлүп, саналуу гана адамдар аман калгандыр. Кээ бир илимпоздор ушундай өлүм кырсыгынан аман калган адамдардын ошол учурдагы сезимдерине изилдөө жүргүзүшкөн. Кеменин чөгүп жаткан учуру адамдар үчүн алардын жашоосундагы унутулгус учурлардан экендигин жана ошол учурда адамдын ыкыластуулугу ушунчалык күчтүү болоорун тастыкташкан. Канчалаган адамдар сууга чөгүп жана акыркы айтканы “Оо, Кудай! Оо, Кудай!” сөздөрү болгон.
Демек, ар бир адам, жадагалса Аллага ишенбегени да кыйынчылыкка кабылганда Аллага гана чын ыкыластан жалбарып дуба кылаары илимий жактан да далилденген. Муну өлүм кырсыгынан аман калгандардын баарысы тастыкташкан жана бул психология илимпоздору далилдешкен илимий чындык.
КУДАЙГА ИШЕНБЕГЕНДЕРГЕ СУРОО
Учурдан пайдаланып адамзатка ырайымдуулук кылып жиберген Алланын сүйүктүү Пайгамбары, саллаллаху алейхи уа салламды, жамандаган адамдарга суроо бергим келди. Эгерде улуу Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, артта калган же сабатсыз деп эсептесеңер, анда ал өмүрүндө бир дагы жолу кемеге түшпөсө да кеме чөгүп жаткандагы адамдардын сезимдерин кандайча даана кылып сүрөттөй алган?!
Эми бул аят тууралуу да ой жүгүртүп көрүңүз, аятта адамдардын кемеге отургандан баштап чөгүүгө аз калганга чейинки алардын сезимдерин ачыктап берген:
«Ал (Алла) силерге кургактыкта да, деңизде да жүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Силер кемелерде болгон кезде жана сыдырым соккон жел менен алар (кемеде) сүзүп жана буга кубанышып баратканда, (күтүүсүздөн) катуу шамал согуп, бардык тараптан толкундар каптап келет. Алар өздөрүн курчоодо калганын билишкенде: «Ант болсун, эгерде бизди мындан куткарсаң, анда биз сөзсүз шүгүр кылуучулардан болобуз»,– дешип чын ыкыластан Аллага гана сыйынып дуба кылышат». Юнус сүрөөсү (10:22)
Мусулман бир тууганым! Эгерде Алла Таала дубаларыңды кабыл кылуусун кааласаң, анда чын ыкыластан дуба кылгын. Эгерде ибадаттарыңды кабыл кылуусун кааласаң, анда чын ыкыластан ибадат кылгын. Ыйык Куранда Алла Таала пайгамбарына мындай деп буйруду:
«Чындыгында, Биз сага чындык менен Китепти түшүрдүк. Демек, Алла үчүн динди чын ыкыластан тутунуп Ага гана сыйынгын». Зумар сүрөөсү (39:2)
Сөзүмдү Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадиси менен жыйынтыктайын, ал айтты:
«Алла үчүн чын ыкыластан диниңди тутун, ошондо аз иш кылсаң да сага (сообу) жетиштүү болот». ("аль-Джамиъ ас-Сагир")
Тактап айтканда, Аллага чын ыкыластан ибадат кылгын, мына ошондо кылган иш-аракеттерин аз болсо да, Алланын алдында сообу көп экендигин билесиң.